КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 6-апрели № 24-11
“Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин (ИСКАКБ) түзүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесин (ИСКАКБсын) түзүү жөнүндө” Жаңы-Турмуш айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-мартындагы кеңейтилген жыйынынын протоколун бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылынын тургундарынын 2021-жылдын 22-мартындагы кеңейтилген жыйынынын протоколу бекитилип, Жаңы-Турмуш айылында “Жаңы-Турумуш” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) түзүлүшүнө макулдук берилсин.
2. “Жаңы-Турумуш” ИСКАКБны Ош юстиция башкармалыгынан катоодон өткөрүү жагы суралсын.
3. Бул токтомду аткарууга айылуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” жана “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселеле боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Сатвалдиев |