Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын VІ чакырылышынын кезексиз 37-заседаниеси
2020-жылдын 18-майы № 37/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган С.Ашимов атындагы орто мектебинин эски курулушунун имаратынын 12 окуу бөлмөсүн жана И.Умаров атындагы орто мектебинин эски окуу корпусунун 1 бөлмөсүн бузуу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган С.Ашимов атындагы орто мектебинин эски курулушунун имаратынын 12 окуу бөлмөсүн жана И.Умаров атындагы орто мектебинин эски окуу корпусунун 1 бөлмөсүн бузуу боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын VІ чакырылышынын кезексиз 37-заседаниеси
Токтом кылат
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган С.Ашимов атындагы орто мектебинин эски курулушунун имаратынын 12 окуу бөлмөсүн жана И.Умаров атындагы орто мектебинин эски окуу корпусунун 1 бөлмөсү бузулсун.
2. Бузулган имараттагы чыккан материалдарды эсептөө үчүн атайын комиисия түзүлсүн,аны эсептеп чыгып айыл өкмөттүн бухгалтериясына тапшыруу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго,көзөмөлдөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |