Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын VІ чакырылышынын кезексиз 37-заседаниеси
2020-жылдын 18-майы № 37/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө карашту Мады участкасындагы калктуу конушка берилген 46 га жердин көчөлөрүнө ат берүү боюнча
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы 46 га жердеги калктуу конушка берилген жердин көчөлөрүнө ат берүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын VІ чакырылышынын кезексиз 37-заседаниеси
Токтом кылат
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы 46 га калктуу конушуна берилген жердин көчөлөрүнө ат берүү боюнча Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мады участкасындагы “Айыл чарба” багытындагы жерлер категориясынан “калктуу конуш жерлер категориясына которулган (трансформациялоо) 46 га жер участкасын башкы пландын негизинде түзүлгөн көчөлөргө ат берүү төмөндөгүдөй жүргүзүлсүн.
Жалпы 24 көчөсүнө Алай көчөсү деп ат берилсин.Ал эми ар бир көчө Алай 1ден башталып катар сан менен бүтүп кийинки көчө жаңы сан Алай көчөсү 24 менен аяктасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго,көзөмөлдөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |