Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 34-заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 34/7
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2019-жылдын 20-декабрындагы №23-1/8343 каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө Жаны-Алай айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы А.Мамаеванын билдирүүсү жөнүндө
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2019-жылдын 20-декабрындагы №23-1/8343 каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишимди бекитүү жөнүндө Жаны-Алай айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы А.Мамаеванын билдирүүсун угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 6 чакырылышынын 34- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү боюнча келишиминин негизинде Жаңы-Алай айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишиминде белгиленгендей айыл өкмөтүндөгү кызматы максатка ылайыктуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык жооптуу катчыга маянасы төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |