Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышындагы кезектеги 34-заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 34/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык кеңешинин 6-шайланган кезектеги 34-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер взносу бир балага бир айга 500 сомдон бекитилсин.
2. Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяевага, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат счетуна төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Ө. Акбашов |