Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 165
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 "Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында "Новосибирск ш. Вице-консулдук" позициясы "КРнын Новосибирск ш. Башкы консулдугу" позициясы менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |