Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезектеги 41 заседаниеси
2020-жылдын 28-декабры № 41/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга аткарылышы, 2020-жылга маалыматы, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алайайылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 41- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алайайыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 7793,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше1706,4 мин сом, теңдештирүүчү трансферт 4456,4 мин сом, атайын каражаттар 524,8 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 183,9 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 921,9мин сом жана чыгаша бөлүгү 7472,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жаны-Алайайыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6866,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 5659,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жаны-Алайайыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 6213,8 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 3570,0 миң сомго, өздүк киреше -2643,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 445,0 миң сом) бекитилсин.
4. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 6338,3 миң сомго, анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 3616,5мин сом, өздүк киреше 2721,8 мин сом (анын ичинен атайын каражаттар – 445,0 миң сом), 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 6420,8 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 3637,0 миң сом, өздүк киреше 2783,8 мин сом (анын ичинен атайын каражаттар 445,0 мин сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Жаны-Алайайыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ө. Акбашов |