Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезектеги 41 заседаниеси
2020-жылдын 28-декабры № 41/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1206,7 миң сом калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Эркебаев жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Жаңы-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан пайдаланылбай калган 1206,7 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар-138,1миң сом) калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланган 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан пайдаланылбай калган 1206,7 мин сом (анын ичинен атайын каражаттар-138,1 миң сом) акча каражаты 2021-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ө. Акбашов |