Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезектеги 41 заседаниеси
2020-жылдын 28-декабры № 41/6
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2020-жылда көп топтолуп жана иштетилбей калган 1206,7 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2021 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагын белгилөө жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтү тарабынан сунушталган салыктардын жана кирешелердин 2020-жылда көп топтолуп, жана иштетилбей калган 1206,7 миң сомду кредитордук карыздарга жана 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө бердиртүү жагы белгиленип, Жаңы-Алай айылдык кеңешинин кезектеги 41- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 1068,6 миң сом, атайын каражаттан калган 138,1 миң сом жалпы 1206,7 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына токтоо киргизилип чыгымдалсын:
Бөлүм | Беренелердин аталышы | берене | Сумма |
Аппарат | Эмгек акы төлөө фондуна | 2111 | 93,0 |
| Социалдык фондко төгүмдөр | 2121 | 16,1 |
| Имараттар жана курулуштар | 3111 | 507,0 |
Экономикалык маселелер | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 21,8 |
Клуб | Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу | 3112 | 45,0 |
ЖКХ | Эмгек акы төлөө фондуна | 2111 | 135,9 |
| Социалдык фондко төгүмдөр | 2121 | 23,4 |
| Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 152,7 |
Балдар бакчасы | Тамак-аш азыктарын алуу | 2218 | 138,1 |
| Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу | 3112 | 73,7 |
|
| Бардыгы: | 1206,7 |
2. Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-кварталы менен 1206,7 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ө. Акбашов |