Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 41-отуруму
2020-жылдын 4-июлу № 41/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыкка карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндө бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жагы, салык кызматкери Т.Бегматовго милдеттендирилсин.
3. Жайыт акыга байланган салыкты жылдын жыйынтыгында толугу менен аткаруу жагы, жайыт комитети С. Жаңыбаевге милдеттендирилсин.
4. 2020-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу жагы, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |