Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 41-отуруму
2020-жылдын 4-июлу № 41/2
Корул айыл өкмөтүндөгү 1-май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал эмканаларынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 8-пунктуна ылайык Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1-май, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал эмканаларынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук жана мамлекеттик программаларын аткарууда жана учурда болуп жаткан (Covid-19) кырдаалга байланыштуу бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калктын медико-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жалпы элдик жыйындарда талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү ФАП башчыларына, айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлерине жана ден соолук комитетине милдеттендирилсин.
3. Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, бейтаптарды кабыл алууда жана дарылоодо аяр мамиле жасоо, диспансердик каттоодо турган оорулууларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү, эмканалардын санитардык абалын эрежедеги талаптарга ылайык кармоо ФАП башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |