Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 41-отуруму
2020-жылдын 4-июлу № 41/3
Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын 2020-2021-күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүлөрү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 1-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларды 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканаларда 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар көрүлсүн жана мекеме-ишканалардын жетекчилери белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда жеке жоопкерчиликте экени белгиленсин.
2. Алай райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине бак-дарактарды тазалоо иштерине жакындан жардам көрсөтүү жана социалдык обьектилерди жетиштүү жана сапаттуу көмүр менен камсыздоо жагы, айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |