Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 41-отуруму
2020-жылдын 4-июлу № 41/5
Торпу көмүр кенин иштетип жаткан Эр-Эм групп компаниясынын жүргүзгөн иштери боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Торпу көмүр кенин иштетип жаткан Эр-Эм групп компаниясынын Торпу көмүр кенинде иш башталгандан бери жасаган иштери, төлөгөн салыктары боюнча маалыматын угуп Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эр-Эм групп компаниясынын башчысы Сабиров Медердин Торпу көмүр кенинде иш башталгандан бери жасаган иштери, төлөгөн салыктары боюнча Алай райондук салык инспекциясынын берген маалыматын угуп, талкуулап, бир топ жакшы иштерди аткаргандыгы белгиленсин.
2. Эр-Эм групп компаниясынын төлөгөн салыктары боюнча айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Т.Бегматовго, Эр-Эм групп компаниясынын жерлерди мыйзам чегинде иштетүүсү боюнча айыл өкмөттүн жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |