Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 42-кезексиз отуруму
2020-жылдын 23-октябры № 42/1
2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык көрүү, коронавирус оорусун жайылтпоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана бул илдеттин тийгизген таасирлерин жок кылуу боюнча
2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык көрүү, коронавирус оорусун жайылтпоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана бул илдеттин тийгизген таасирлерин жок кылуу жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл аймагында учурдагы COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алдын алуу максатында, 2020-жылдын 26-октябрынан 2020-жылдын 1-декабрына чейин айыл тургундарынын арасында 10 адамдан ашык чогулбоо жана той-мааракелер, жылдык аштарды өткөрүү токтотулсун.
2. Үйлөнүү, кыз берүү тойлорунда жана тажыя болгон жерде маркумга жаназа окуп, жайга коюуда 20дан ашык адам чогулбасын. Санитардык эрежелер сакталып, бет кап жана залалсыздандыруучу каражаттар колдонулсун. Эрежелер сакталбаса үй ээлери айыпка тартылып, жазана салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна, айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана Корул айылдык кеңешинин депутаттарына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |