Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 42-кезексиз отуруму
2020-жылдын 23-октябры № 42/2
Корул айылдык кеңеши тарабынан «Үлгүлүү үй -бүлө» наамы жана төш белгисин берүү боюнча
Корул айылдык кеңеши тарабынан мындан нары «Үлгүлүү үй -бүлө» наамы жана төш белгисин берүү жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл аймагында коомдук башталышта 5 жылдан кем эмес туруктуу иштеген, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон инсандарга, жылдын жыйынтыгы менен айыл аймагы боюнча жылына бир гана атуулга айылдык кеңеши тарабынан «Үлгүлүү үй-бүлө» наамы жана төш белгиси берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңешинин этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |