Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-июлу №14/3
Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы чыккан № 19/3-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы “Теңдик айылынын “Жумгал жол” участкасындагы №273, 292 жана 295-контурундагы 2,15 га айыл чарба сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №19/3-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123-мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы “Теңдик айылынын “Жумгал жол” участкасындагы №273, 292 жана 295-контурундагы 2,15 га айыл чарба сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №19/3-токтомунун 1 жана 2-пункту жокко чыгарылсын жана анын ордуна төмөнкүдөй баяндалсын: “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын 20.12.2017-жылдагы №01-30/662 каты менен аныктаган Теңдик айылындагы “Кочкор-Эпкин” альтернативдик жолун куруу тилкесиндеги №273-контурунан дыйкан чарбалардын мүчөлөрү Б.Аджимамбетовадан 2523,9 кв.м., Б.Абдыракмановдон 2826,7 кв.м. (0,53га) жана №292-контурунан У.Макетаевден 2029,6кв.м. С.Акматовадан 3149,3 кв.м. Г.Молдобаевадан 2678,6 кв.м. С.Абдырахмановдон 3454,8 кв.м. М.Райымкуловдон 1316,6 кв.м. К.Төлөбаевадан 2020,2 кв.м. Т.Абдыракмановдон 1572,6 кв.м. (1,62 га) жалпы 2,15 гажеке менчиктеги айыл чарба багытындагы сугат айдоо жеринТүндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу максатында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги мамлекеттик муктаждык үчүн сатып алгандыктан, мамлекеттин менчигиндеги айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер»категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
«Айыл чарба багытындагы жерлер»категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” №169-токтомуна, Жер Кодексинин 15-беренесинин 9-пунктуна ылайык, айыл чарба жерлерин чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. М. Исраиловдон суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |