Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-отуруму
2021-жылдын 23-марты № 47/3
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Айыл өкмөтүндө апрель айынын бир жекшенби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү боюнча Корул айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп ар жыл сайын белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Атаке көрүстөнүнүн бош жеринин чөбүнүн акчасын бардык көрүстөндөргө курал-жарак алып, жаңылоо үчүн колдонулсун, жоопкерчилик Т.Маназаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.Маназаров |