УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын X сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 50
Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жыылга бюджетин бекитүү боюнча каржы бөлүмүнүн башчысы А.Курманалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл Өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору 7917,3 миң сом, теңдештирүүчү грант 2252,0 миң сом жалпы кирешелер бөлүгү 10169,3 миң сом жана чыгаша бөлүгү 10169,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Кирешелер түрлөрү боюнча:
- жеке адамдар төлөөчү кирешеге салыктар - 3010,4 миң сом
- бирдиктүү салык (единый налог) - 55,0 миң сом
- патенттик негиздеги киреше салыга - 181,5 миң сом
- кыймылсыз мүлккө салык - 25,5 миң сом
- транспорт салыгы - 564,0 миң сом
- короо жанындагы жана дачалык жер участокторун
пайдалануу үчүн жер салыгы (огород) - 132,0 миң сом
- Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы - 442,6 миң сом
анын ичинен:
жер үлүшүнүн жер салыгы - 244,8 миң сом
жайыт жер салыгы - 186,6 миң сом
КБФнун жер салыгы - 11,2 миң сом
- Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба
багытында болбогон жерлердин жер салыгы (несельхоз) - 360,3 миң сом
- акитаж, курулуш таштарын иштетүү - 850,0 миң сом
- жараталыш ресурс пайдал-дык үчүн акы төлөө (роялти) - 4,4 миң сом
- пайдалуу кен чыккан жер-и/казып алынган отундарды
иштеткендик үчүн акы төлөө (за удержание лицензии) - 1090,0 миң сом
- калктуу конуштагы жерлерин ижарасы - 180,0 миң сом
- жайыт пайдалануу үчүн акы - 845,5 миң сом
- КБФнун ижарасы үчүн акы төлөө - 53,7 миң сом
- Жергиликтүү калктын инфраструктурасын өнүктүрүүгө
жана колдоого салым кошуу - 122,4 миң сом
Айыл Өкмөтүнүн өздүк киреше бөлүгү - 7917,3 миң сом
Тендештирүүчү гранттар - 2252,0 миң сом
Баардык план - 10169,3 миң сом
Чыгаша түрлөрү боюнча мекемелерге төмөндөгүдөй бекитилсин:
Башкаруу аппаратына - 6078,9 миң сом,
Китепкана - 862,4 миң сом,
Маданият үйү, клуб - 1342,8 миң сом,
Билим берүү тармагы - 1197,1 миң сом,
Жайыт комитети - 688,1 миң сом,
Баардык чыгашалар - 10169,3 миң сом.
2. Улахол айыл аймагынын 2022-жылга бекитилген бюджетин так аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык кеңешинин төрагасы А.Жолалиевке жүктөлсүн.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |