Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 56
Жайыт комитетинин төрагасынын 2021-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековдун 2021-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековдун 2021-жылдагы аткарган иштери боюнча отчету «канагаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Улахол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А. Ашымбековдун кызматтан кетүү боюнча жазган арызы кабыл алынсын.
3. Жаңы төрага шайланып келгенге чейин А. Ашымбеков жайыт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп турсун.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |