Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 58
КР Президентинин №54 жарлыгына ылайык, ысырапкорчулук боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
КР Президентинин №54 жарлыгына ылайык, ысырапкорчулук боюнча Жобону бекитүү боюнча жооптуу катчы И.Жээнтаевдин билдирүүсүн талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Президентинин №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча, Улахол айыл Өкмөтүнүн 8.04.2022-жылдагы №15 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык Жобо кабыл алынсын.
2. Маркумду акыркы сапарга узатууда бир бододон ашык мал союлбай узатылсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Бейшеевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |
Улахол айыл Өкмөтүнүн 8.04.2022-жылдагы № 15 тескемесине №1 тиркеме |
МАКУЛДАШЫЛДЫ Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы ______М.Бейшеев 30.04.2022-ж | БЕКИТИЛДИ Улахол айылдык кеңештин төрагасы _____А.Жолалиев 30.04.2022-жыл |
Улахол айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы Жобо.
2. Жобонун иштеп чыгуунун,кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү Жергиликтүү комиссия.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
1. Жалпы Жобо.
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөңдү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралында ПЖ №54 Жарлыгына ылайык жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айыл аймакта «Үй-булөлүк салтанаттарды жана өлгөңдү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткарууда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу иш-чараларын жөнгө салуу менен калк арасында жарлыкты туура багытта тушүндүрүп. күнүмдүк турмушта колдонууга үндөө болуп саналат.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан. Ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет. Келип тушкөн иштиктүү сунуштар эске алынын жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
3.1. Бул жобо Улахол айыл аймагынын бардык айылдарында аткарылууга тийиш жана айыл башчылары. айылдык комиссия:
- айыл тургундарына Жобону туура багытта жеткирүүгө;
- Жобонун калк арасында так аткарылып жатканын көзөмөлдөөгө;
- Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо тою, балдарды суннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары жана маркумду акыркы сапарга узатууда Жобонун тартиптери менен кенен тааныштырып, аткарылбаган учурда тартип чарасын көрүүгө милдеттуү.
3.2. Улахол айыл аимагынын тургундары:
- “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөңдү эске алуу ырым -жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткарууда кынтыксыз баш ийин, үй-бүлөлүк салтанаттарды ысырапкорчулукка жол бербестен өткөрүүнү адатка айландырууга милдеттуү.
4. Өлгөндү эске алүу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.
4.1 .Олгөндү эске алуу ырым-жырымдарын:
- акыркы сапарга узатууда алыстан келген куда-сөөк, алыш-катыштарына бир бододон ашык мал сойбостон узатууга;
- аза күткөн үй-бүлөгө көңүл айтып келгендер баштык көтөрүп келүүнүи ордуна шартына жараша акчалай жардам көрсөтүүгө;
- аза күткөн үй-бүлөгө көңүл айтып келгендер баштык көтөрүп кеткенинде мыйзам чегинде жоопко тартылаарын билүүгө;
- жаназа өткөрүлгөн үйдөн баштык, устукан, жыртыш таркатпоого;
- акыркы сапарга узатууда дасторконго боорсок, май, шекер коюга;
- маркумду жерге берүү жайынын даяр болгонуна жараша, бирок бир түндөн ашык түнөтпөй көмүүгө;
- айыл эли жаназага туруп, топурак салып, куран окуп таркап кетүүгө тийиш;
- маркумга өтө көп чыгымды талап кылган эстелик коюлбашы керек.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым- жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү жергиликтүү комиссия жана комиссиянын ишинин максаттары.
5.1. Жергиликүү комиссия Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлөт, өз ишин коомдук негизде мезгил-мезгили менен жүргүзгөн коллегиялуу орган болуп эсептелет. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ардагерлер, аялдар жана жаштар уюмдары. аксакалдар соту, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жегиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жургүзүлөт (же акт түзөт) ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.3. Сөөк коюу, аш берүүдөгү дасторкон жаюу чыгымдарын азайтуу, келген адамдарга баштык берүү, бет аарчы таратууну, чачыланын ордуна акчалай берүү жана сөөк коюлгандан кийин 10 күндүн ичинде куран окутуу жөрөлгөлөрүн аяктоо жана маркумга өтө көп чыгымды талап кылган эстеликтин коюлушуна бөгөт коюу боюнча коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана бул багыттагы жарандардын кайрылууларын карайт.
5.4. Көп чыгымдарды талап кылып, ар кандай үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдардын социалдык абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана жаман адаттарды жокко чыгаруу, ысырапкорчулукту алдын алуу, тойлордогу «түштөндүрүү» жөрөлгөлөрүн кыскартуу боюнча коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
5.5. Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ошондой эле аш, тойлордогу ашыкча чыгымдарды, ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
6.1.Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө жана тартиби каралат..