Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 60
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын отчету жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы И.Жээнтаевдин отчетун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын отчету кабыл алынсын. Аткарган иштери боюнча отчету «канагаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Функционалдык милдеттерин так аткаруу, ишинин натыйжасын арттыруу жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Бейшеевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |