Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 65
Шор-Булак айылындагы кайрак жердин категориясын которуу жөнүндө
Шор-Булак айылындагы кайрак жердин категориясын которуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы М.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шор-Булак айылындагы кайрак айдоо үлүш жер сугат айдоо түрүнө которуу үчүн тиешелүү документтери топтолуп, жердин аянты такталып райондук комиссияга сунушталсын.
2. Жерди тактап берүү жер адисине милдеттендирилсин. Райондук комиссияга кайрылуу айылдык кеңештин депутаты К.Жумабек уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |