Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 26-апрели № 69
Топоздорду сыртка багуу жөнүндө
Жайыттарды деградациядан сактап калуу жана жергиликтүү мал өстүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо максатында топоздорду сыртка багуу боюнча ЖПБнин төрагасы Т. Абыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды деградациядан сактап калуу жана жергиликтүү мал өстүрүүчүлөрдүн (саан уй, майда жандык багуучулар) кызыкчылыгын коргоо максатындагы айыл аймак тургундарынын 25.04.2022-жылдагы Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы- акимдин жолугушуусундагы айтылган сунуш пикирлери кабыл алынсын.
2. Айыл аймактан сырткары жактан келген мал жандыктарга жайыт билети жазылып берилбесин.
3. Топоздор ортоңку жайыттарга багылбасын, Сырт өрөөнүнө багуу милдеттендирилсин. Топоздорго Улахол айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүнөн башка жайыттарга жайыт билетин жазып бербөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Абыкановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |