Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 70
Шор-Булак айылындагы “Жөкөтөй булак” таза суусунун тарифин бекитүү жөнүндө
Шор-Булак айылындагы “Жөкөтөй булак” таза суусунун тарифин бекитүү боюнча Бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун эске алуу менен комиссиянын төрагасы А.Балбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шор-Булак айылындагы “Жөкөтөй булак” таза суусунун тарифи кубуна 25 сом деп бекитилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом Шор-Булак айыл тургундарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |