Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 72
Кара-Шаар айылындагы Төлөгөнов Табылды ээлеп жүргөн 40,0 га жер аянты боюнча айыл тургундарынан келген кайрылуу жөнүндө
Кара-Шаар айылындагы Төлөгөнов Табылды ээлеп жүргөн 40,0 га жер аянты боюнча айыл тургундарынан келген кайрылуу боюнча Айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана Укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдорун эске алуу менен комиссиянын төрагалары Н.Үсөнакунов жана Ж. Орускожоевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шаар айылындагы Төлөгөнов Табылды ээлеп жүргөн 40,0 га жер аянты боюнча Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 1.06.1998-жылдагы №179 токтомун жокко чыгаруу жана жерди кайтарып алуу чарасын жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарынан суралсын.
2. Токтом Кара-Шаар айылынын тургундарына жарыялансын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышына тиешелүү чара көрүү Айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча жана Укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссияларынын төрагаларына, Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |