Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 73
Жылгынды-Коо участогундагы 4 га жерге зоналдык коэффицентти бекитип берүү жөнүндө
Жылгынды-Коо участогундагы 4 га жерге зоналдык коэффицентти бекитип берүү боюнча Бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун көчүрмөсүн эске алуу менен комиссиянын төрагасы А.Балбаевдун маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылгынды-Коо участогундагы 4 га жерге зоналдык коэффицентти 0,8 болуп кабыл алынсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом айыл аймактын тургундарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |