Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
2020-жылдын 29-декабры № 40/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга аткарылышы,2020-жылга маалыматы, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы, 2020-жылга маалыматы жана 2021-жылга бюджетти бекитүү,ошондой эле 2022-2023-жылдарга бюджеттин долбоорун болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 14125,5 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 3565,0,теңдөөчү грант 10360,5, атайын каражаттар 200,0 миң сомго,республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые) 930,4 миң сомго,өткөн жылдан калган калдык 1600,1 миң сомго,атайын каражаттар 36,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 15673,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 12985,2 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3484,0 миң сомго, теңдөөчү грант 9501,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2021-жылга 11914,1 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 3972,2 миң сомго (атайын каражат ичинде),теңдөөчү грант 7941,9 миң сомго,атайын каражаттар 220,0 миң сомго бекитилсин.
4. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоору 12030,4 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 4112,2 миң сомго,теңдөөчү грант 7818,2 миң сом,атайын каражаттар 200,0 миң сомго жактырылсын.
5. Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга долбоору 12238,7 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 4224,2 миң сомго,теңдөөчү грант 8014,5 миң сом,атайын каражаттар 200,0 миң сомго жактырылсын.
6. Корголгон беренелердин (эмгек акы,социалдык фондуна чегерүүлөр,дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу,көмүр,отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр)чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай,курулуш,транспорт,соода байланыш,инвестиция,энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип,аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | З.Боронов. |