Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
2020-жылдын 29-декабры № 40/5
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылынын эски мечитинин жанына жаңы мечит курулуп, эски мечиттин имараты бош тургандыгына байланыштуу элдик жыйындын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 1 протоколунун негизинде жаштарды ыйман жолуна тарбиялоо максатында Медресе Ислам окуу борборуна өткөрүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылынын эски мечитинин жанына жаңы мечит курулуп, эски мечиттин имараты бош тургандыгына байланыштуу элдик жыйындын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 1 протоколунун, имам Сексенбаев Абакирдин арызынын жана Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай Ажы Кадыровдун макулдугунун негизинде кайрадан жаңылап, заманбап түрдө, талапка ылайык Медресе кылып балдарды окутуу үчүн бош турган эски мечитке тиешелүү 3725,00 чарчы метр жер аянтынын ичинен 2446,5 чарчы метр жерин Медресе Ислам окуу борборуна өткорүп берүү жөнүндө Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылындагы эски мечиттин имаратына тиешелүү 3725,00 чарчы метр жер аянтынын ичинен 2446,5 чарчы метр жери Медресе Ислам окуу борборуна өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен Аюу-Тапан айылындагы эски мечиттин имаратына тиешелүү 3725,00 чарчы метр жер аянтынын ичинен 2446,5 чарчы метр жерин Медресе Ислам окуу борборуна өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалынан , ошондой эле Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | З.Боронов. |