Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
2020-жылдын 29-декабры № 40/6
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын өзгөртүп түзүү жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Б.Болушованын маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Жошолу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын айрым кызматкерлеринин башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу алардын сандык курамы төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлуп түзүлсүн (тиркеме № 1).
2. Жошолу айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзүшсүн, ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап, жергиликтүү кеңешке киргизишсин.
4. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү кеңеште каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укукутук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | З.Боронов. |
Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы 40- заседаниесинин № 40/6 токтому менен бекитилген Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXX заседаниесинин № 40/6 токтомунун № 1 тиркемеси |
Жошолу айыл өкмөтүндөгү Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы:
1. Төрөшев Каныбек - Комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты
(макулдашуу менен)
2. Орозбай уулу Женишбек – Комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен)
3. Кебекбаев Бактыбай - А/ө ӨКТЖКЧ боюнча башкы адиси,
комиссиянын катчысы
МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Төлөнбай уулу Кыялбек –айыл өкмөттүн экономист-статисти,
5. Мурзакериаов Мыктыбек –Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин мугалими
(макулдашуу менен)
6. Мантиева Элмира –аялдар кеңешинин төрайымы, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын башчысы (макулдашуу менен)
7. Рыскулова Мээрим –К.Турганбаев атындагы орто мектебинин мугалими
(макулдашуу менен)
8. Участкалык инспектор -Эртабылды уулу Нургазы.
9. Бардык айыл башчылар.
Эскертүү: Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамында кызмат орундар алмашкан учурда анын ордуна келген кызматкер анын милдетин аткарат.
Төрага: | З.Боронов. |