САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары- Булак айылдык кеңешинин кезектеги (6-шайланган ) № 15- сессиясынын жыйналышы
2021-жылдын 14-январы № 15/3
Сары- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна ысмы берилген Максүтов Жумаштын үй бүлөөсүнүн жана ага инилеринин туугандарынын Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна коюулган ысмын алып салуу жөнүндөгү сунушун, жана Сары-Күнгөй айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынын сунушун кароо жөнүндө
Сары- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна ысмы берилген Максүтов Жумаштын үй бүлөөсүнүн жана ага инилеринин туугандарынын Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна коюулган ысмын алып салуу жөнүндөгү сунушун жана Сары-Күнгөй айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынын сунушун карап талкуулап Депутаттардын Сары- Булак айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Сары- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна ысмы берилген Максүтов Жумаштын үй бүлөөсүнүн жана ага инилеринин туугандарынын Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна коюулган ысмын алып салуу жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Сары- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна ысмы берилген Максүтов Жумаштын ысмы алынып салынсын.
3. 14-октябрь 2019-жылда өтүлгөн .Сары- Булак айыл окмотунө караштуу Сары-Күнгөй айылынын жалпы эдик жыйынынын колдоосунун негизинде Сары-Күнгөй айылынын ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген Эл агартуунун отличниги эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Айникеев Зулпукардын ысмы берилсин.
4. Сары- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын ички жолунунун аталышы 2021-жылдын 14-январынан баштап Айникеев Зулпукар атындагы ички жолу деп аталсын.
5. Суралсын Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй айылынын Максүтов Жумаш атындагы ички жолунун атын алмаштырып Айникеев Зулпукар атындагы жолу деп өзгөртүп берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Сары- Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ж.Акматалиев |