ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 32
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 24-көчөсүнө Байбаев Мамакайдын атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 24-көчөсүнө Байбаев Мамакайдын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Байбаев Мамакайдын аты көчөдөгү жашоочулардын макулдугу менен Прогресс айылынын 24-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |