ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 7
Прогресс айылындагы эски, жараксыз, чалдыбар болуп, пайдаланууга мүмкүн болбой калган айылдык маданият үйүнүн жер тилкеси жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз II сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы эски, жараксыз, чалдыбар болуп, пайдаланууга мүмкүн болбой калган айылдык маданият үйүнүн жер тилкеси жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылындагы эски, жараксыз, чалдыбар болуп, пайдаланууга мүмкүн болбой калган айылдык маданият үйүнүн жер тилкеси Ош шаарындагы ЖЧК жер тилкелерин баалоо боюнча башкармалыгы тарабынан 340,0 (үч жүз кырк миң) сомго бааланган отчеттук баалоосуна таянып, көп жылдан бери кароосуз, чалдыбар болуп жаткан айылдык маданият үйүнүн жер тилкесин пайдаланып келе жаткандыгынына байланыштуу Прогресс айылынын тургуну Закиров Алибайга түз сатык менен бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүүгө алынап, сатуудан түшкөн 340,0 (үч жүз кырк миң) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн кассасына өз убагында төгүү жагы Закиров Алибайга жана айыл өкмөтүнүн жетектөөчү жер адиси Ж.Кабыловго бул иштердин аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |