Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы

2021-жылдын 18-августу № 10

Билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А.Жунусбаевдин, У.Эшенкулованын, Н.Абдыкеримованын, Д.Алымбаеванын 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрелининдеги №92 Билим берүү жөнүндө (2017-жылдын 22-февралындагы №32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы №100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 2-бөлүмдүн 16-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында мектеп директорлорунун (А.Жунусбаев, У.Эшенкулова, Н.Абдыкеримова, Д.Алымбаева) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров