ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 15
Жылалды айылдык кеңешинин 03.06.2021-жылдагы кезексиз II сессиясында кабыл алынган №3 токтомунун 5-пунктундагы турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылдык кеңешинин 03.06.2021-жылдагы кезексиз II сессиясында кабыл алынган №3 токтомунун 5-пунктундагы турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Джээнбаев Улукбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, катталган депутаттардын тизмесинен чыгарылып жана бош калган депутаттык мандат шайланган депутаттардан кийинки Абдираимов Кубаталы Маматжановичке Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-июлундагы №624 токтомунун 3-тиркемесинин негизинде өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына бекитилсин.
2. Жылалды айылдык кеңешинин депутаты Абдираимов Кубаталы Маматжановичтин билимин, иш тажрыйбасын эске алуу менен турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп шайлансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |