Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы
2021-жылдын 18-августу № 19
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 36-көчөсүнө Эгембердиев Каныбектин атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 36-көчөсүнө Эгембердиев Каныбектин атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Эгембердиев Каныбектин аты көчөдөгү жашоочулардын макулдугу менен Прогресс айылынын 36-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |