Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6-чакырылыш) кезектеги 27-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 106
Зергер жайыт комитетинин 2020-жылы аткарган иштери жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнү болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы М. Абдыллаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер жайыт комитетинин 2020-жылы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Зергер жайыт комитетинин төрагасы М. Абдыллаевге 2021-жылга жайыттарды жакшыртуу жана аны натыйжалуу пайдалануу киреше булактарын көбөйтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнү болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулушов |