Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин 6-чакырылыш кезектеги 27-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 111
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү кргизүү боюнча айылдык кеңешинин “Финансы, Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүнүн болжолду багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып Зергер айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык 409,8 сом болгондуктан жергиликтүү бюджеттин башкаруу тармагынын 3112 статьясына каржылоого алынсын,бул каражат айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасын алууга жумшалсын.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн атайын каражатынан 2021-жылдын 1-январына калган калдык 53,8 сом болгондуктан,жергиликтүү бюджеттин башкаруу тармагынын 3112 статьясына каржылоого алынсын,бул каражат Ничке-Сай айылындагы С.Кадыров атындагы орто мектебине компьютер жана принтер алууга жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Финансы,Экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Кулушов |