Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылды кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 112
Зергер айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”Мыйзамынын 3-беренесине ылайык “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Зергер айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарууга алуу жагы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулушов |