ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (6-чакырылыш) кезексиз 28-сессиясы
2021-жылдын 12-марты № 113
Зергер жайыт комитетинин бюджетин 2021-жылга бекитүү жөнүндө
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчилике алып, жайыт пайдалануу боюнча пландарын талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер жайыт комитетинин 2021-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 636,3 миң сомго,чыгашасы 636,3 миң сомго бекитилсин.
2. Жергиликтүү Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
- Кара мал, топоздун (чоң) бир башына – 80 сом.
- Кара мал, топоздун (жаш) бир башына – 70 сом.
- Кой, эчкинин бир башына – 16 сом.
- Жылкы, эшек, төөнүн бир башына – 80 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
- Кара мал, топоздун (чоң) бир башына – 200 сом.
- Кара мал, топоздун (жаш) бир башына – 140 сом.
- Кой, эчкинин бир башына – 40 сом.
- Жылкы, эшек, төөнүн бир башына – 200 сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы 17650 га жайыт жерлердин 15299 га аянты үчүн 236,0 мин сом жер салыгы жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
5. Жайыт акыны төлөөнү 20-сентябрдан кечиктирген жайыт пайдалануучуларга келишимде көрсөтүлгөн айып пулду төлөөгө милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Зергер жайыт комитетинин төрагасы К.Уметовго милдеттендирилсин
Төрага | С.Кулушов |