ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 16
Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган Прогресс айылынын башкы планына ылайык 15 гектар жеринен кошумча участок кошуу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылынын башкы планына ылайык 15 гектар жеринен 2 кошумча участок кошуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган Прогресс айылынын башкы планына ылайык 15 гектар жеринен 2 участок (№37-а, 37-б) кошууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |