Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 21

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 5-көчөсүнө Кулетов Мамаштын атын коюу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 5-көчөсүнө Кулетов Мамаштын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери Кулетов Мамаштын аты көчөдөгү жашоочулардын макулдугу менен Прогресс айылынын 5-көчөсүнө аты коюлсун.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров