ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 25
Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Красный-Маяк айылына ичүүчү таза суу чыгаруу максатында таза суу кампасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн 0,50га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Красный-Маяк айылына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитетура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Райондук “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан мамлекеттик катоодон мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын .
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |