ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) I кезектүү сессиясы
2021-жылдын 15-майы № 1
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) I кезектүү сессиясы эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 15-майындагы №1 протоколунун негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Жылалды айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылдык кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуштарынын негизинде 11 (он бир) добуш алган Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы болуп, 15.05.1957-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку Акназаров Маматибраим шайлансын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |