Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 10
Жылады айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жылалды айылынын башкы планына ылайык №15 участок жана №34 социалдык объектилердин жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылына социалдык объектилердин жери боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын башкы планына ылайык квартал №15 участок жана №34 социалдык объектилердин жер тилкесинен муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алууга, жалпысы 0,11 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |