ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 11
Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абдуллаевдин 2020-жылда аткарган иштеринин жана 2021-жылга карата милдеттери боюнча отчету жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды өкмөтүнүн башчысы Р.Абдуллаевдин 2020-жылда аткарган иштеринин жана 2021-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абдуллаевдин 2020-жылда аткарган иштеринин жана 2021-жылга карата милдеттери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2021-жылга карата кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме-уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |