Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 12
2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылда кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2021-жылга карата бекитилген бюджетти бөлүштүрүү жөнүндө жана 2022-2023-жылдарга болжолун кароо жөнүндө маселени, айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык төлөм маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын кароосунун негизинде ФЭБнүн башчысы Мырзабаева Нуриланын 23.12.2020-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетин бөлүштүрүүдө киреше жана чыгашалар бөлүгү 13290,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№1, №2 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга концолидацияланган бюджетинин болжолу 3-4-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын.
а) 2021-жылга кирешелер боюнча болжол–13290,1 миң сом суммасында, 2022-жылга 13599,5 миң сом жана 2023-жылга 13888,3 миң сом суммасында.
б) 2021-жылга чыгашалар боюнча болжол 13290,1 миң сом суммасында, 2022-жылга 13599,5 миң сом жана 2023-жылга 13888,3 миң сом суммасында.
4. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна төгүмдөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, стипендиялар) боюнча жүргүзүлсүн.
6. Ушул токтомго ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгымдарды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтык көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
9. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
11. Айланма кассалык калдык (обротной кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Айыл өкмөтүнүн резерфтик фондусунун 89,5 миң сом акча каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштетилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык төлөм маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |
№1-тиркеме |
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат.
№ | Кирешенин түрлөрү
| Сумма |
1 | Киреше салыгы | 2746,7 |
2 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 20,0 |
3 | Милдеттүү патент салыгы | 106,0 |
4 | Ыктыярдуу патент салыгы | 442,4 |
5 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 182,0 |
6 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 558,0 |
7 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 192,0 |
8 | Айыл чарба жерлеринин салыгы | 762,0 |
9 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1370,0 |
10 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия үчүн акы | 529,6 |
11 | Жайыттарды пайдалануу акысы | 220,0 |
12 | Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы | 571,0 |
13 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 46,8 |
| ЖАЛПЫ | 7746,5 |
14 | Атайын каражаттар |
|
15 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелери тарабынан кошумча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөм | 1202,0 |
16 | Теңдөөчү грант | 4341,6 |
| БАРДЫГЫ | 13290,1 |
ФЭБнүн башчысы: | Н.Мырзабаева |
№2-тиркеме |
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча
МААЛЫМАТЫ
№ | Чыгашалардын тизмеси
| Суммасы |
Башкаруу аппараты | ||
1 | Эмгек акы | 3511,6 |
2 | Соц фонд | 603,1 |
3 | Кызматтык сапарларга чыгым | 150,0 |
4 | Байланыш кызматтарына | 50,0 |
5 | Транспорт чыгымына | 160,0 |
6 | Кальта айылына жарыктандыруу үчүн топокөчүрмөсүнө | 25,0 |
7 | Красный-Маяк айылына ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн топокөчүрмөсүнө | 23,5 |
8 | Кичи футбол аянчасынын топокөчүрмөсү | 4,9 |
9 | Айыл өкмөтүнө 4 компьютер комплект м-н сатып алууга | 260,0 |
10 | Прогресс айылына ичүүчү таза суунун суу түтүкчөлөрүн орнотуу үчүн | 49,0 |
11 | Аймактык инспекторго | 15,0 |
12 | Көрнөк жарнактарды жасатуу үчүн | 50,0 |
13 | Канц товарга | 100,0 |
14 | Көмүр сатып алууга | 64,0 |
15 | Электр энергияга | 260,5 |
16 | Резервдик фонд | 89,5 |
17 | Бухгалтерияга 1C программасын орнотуу үчүн | 200,0 |
18 | Жылалды айылдык кеңешинин кабинетине жабдыктарды сатып алуу үчүн | 40,0 |
19 | Ар түрдүү чыгымдар | 115,3 |
| Жыйынтыгы | 5607,1 |
Айылдык кеңеш | ||
1 | Эмгек акы | 174,2 |
2 | Соц фонд | 25,7 |
3 | Компьютер сатып алуу учун | 60,0 |
| Жыйынтыгы | 260,9 |
Жайыт | ||
1 | Ар түрдүү чыгым | 220,0 |
| Жыйынтыгы | 220,0 |
Айыл чарбасы | ||
1 | Каналдарды тазалоого | 200,0 |
| Жыйынтыгы | 200,0 |
ЖКХ | ||
1 | Ит атууга | 29,0 |
2 | Красный-Маяк айылынын жолунун эски карызын төлөө үчүн | 400,0 |
3 | Кальта айылынын жолдорун жарыктандыруу үчүн | 525,0 |
4 | Красный-Маяк айылына көпүрөгө | 300,0 |
| Жыйынтыгы | 1254,0 |
Билим берүү | ||
1 | Сапар чыгымы | 60,0 |
2 | Канц.товар жана буюмдарды сатып алуу учүн | 48,5 |
3 | Имараттар жана курулмалар | 1000,0 |
4 | Көмүр сатып алууга | 660,0 |
5 | Электр энергияга | 200,0 |
| Жыйынтыгы | 1968,5 |
Бала-бакча | ||
1 | Тамак-аш азыктарын сатып алууга | 1206,8 |
2 | Көмүр сатып алууга | 272,0 |
3 | Электр энергиясына | 130,0 |
4 | Урбү бала бакчасына интернет орнотуу үчүн | 60,0 |
5 | Ар түрдүү чыгымдар | 32,0 |
| Жыйынтыгы | 1700,8 |
СДК | ||
1 | Эмгек акы | 222,6 |
2 | Соц фонд | 38,4 |
3 | Көмүр сатып алууга | 12,0 |
4 | Электр энергияга | 5,0 |
| Жыйынтыгы | 278,0 |
Китепкана | ||
1 | Эмгек акы | 155,1 |
2 | Соц фонд | 26,7 |
3 | Көмүр сатып алууга | 12,0 |
4 | Электр энергияга | 5,0 |
| Жыйынтыгы | 198,8 |
Социалдык коргоо | ||
1 | Социалдык коргоого | 400,0 |
Жыйынтыгы | 400,0 | |
| ||
1 | Бюджет | 12088,1 |
2 | Атайын каражат | 1202,0 |
| ||
| Бардык жыйынтыгы | 13290,1 |
ФЭБнүн башчысы: | Н.Мырзабаева |
№3-тиркеме |
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат.
№ | Кирешелердин түрлөрү | Сумма |
1 | Киреше салыгы | 3057,0 |
2 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 20,0 |
3 | Милдеттүү патент салыгы | 106,0 |
4 | Ыктыярдуу патент салыгы | 442,4 |
5 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 182,0 |
6 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 558,0 |
7 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 192,0 |
8 | Айыл чарба жерлеринин салыгы | 762,0 |
9 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1370,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык |
|
11 | Иштеп чыгуу акысы (лицензиялар) | 450,0 |
12 | Калктуу конуштагы жерди ижарага алуу үчүн төлөм | 60,0 |
13 | Жайыт жерлерин пайдалануу акысы | 220,0 |
14 | Кайра бөлүштүрүү жерлеринин фонду | 571,0 |
15 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 46,8 |
16 | Ата-эненин салымы | 1206,8 |
| Жалпы | 9244,0 |
17 | Теңдөөчү грант | 4355,5 |
18 | Которулган каражаттар |
|
| Бардыгы | 13599,5 |
ФЭБнүн башчысы: | Н.Мырзабаева |
№4-тиркеме |
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга болжолдонгон кирешеси жөнүндө маалымат.
№ | Кирешелердин түрлөрү | Сумма |
1 | Киреше салыгы | 3250,0 |
2 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 20,0 |
3 | Милдеттүү патент салыгы | 106,0 |
4 | Ыктыярдуу патент салыгы | 442,4 |
5 | 2-топ жүргүзгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы | 182,0 |
6 | Жеке адамдар үчүн унаа салыгы | 558,0 |
7 | Короо жана бакча жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 192,0 |
8 | Айыл чарба жерлеринин салыгы | 762,0 |
9 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1370,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык |
|
11 | Иштеп чыгуу акысы (лицензиялар) | 450,0 |
12 | Калктуу конуштагы жерди ижарага алуу үчүн төлөм | 60,0 |
13 | Жайыт жерлерин пайдалануу акысы | 220,0 |
14 | Кайра бөлүштүрүү жерлеринин фонду | 571,0 |
15 | Калктуу конуштардын таштандыларын чогултуу үчүн чогултуу | 46,8 |
16 | Ата-эненин салымы | 1206,8 |
| Жалпы | 9437,0 |
17 | Теңдөөчү грант | 4451,3 |
18 | Которулган каражаттар |
|
| Бардыгы | 13888,3 |
ФЭБнүн башчысы: | Н.Мырзабаева |