Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясы

2020-жылдын 28-декабры № 12-а

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен 1874,1 миң сом, атайын каражатынан 241,4 миң сом, бардык үнөмдөлгөн 2115,5 миң сом акча каражатын 2021-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен 1874,1 миң сом, атайын каражатынан 241,4 миң сом, бардык үнөмдөлгөн 2115,5 миң сом акча каражатын 2021-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө маселени айылдык кеңпшинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын кароосунун негизинде жана айыл өкмөтүнүн убактылуу финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Мырзабаеванын сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен 1874,1 миң сом, атайын каражатынан 241,4 миң сом, бардык үнөмдөлгөн 2115,5 миң сом акча каражаты 2021-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров