Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 14
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын өстүргөн өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана жогорку түшүм алуусу үчүн алдын ала химиялык уулуу заттарды илдеттерге, зыянкечтерге жана ото чөптөргө каршы чачууда жеке агрономдун кызмат акысы дыйкандар тарабынан төлөнүүсүн бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын өстүргөн өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана жогорку түшүм алуусу үчүн алдын ала химиялык уулуу заттарды илдеттерге, зыянкечтерге жана ото чөптөргө каршы чачууда дыйкандар тарабынан жеке агрономдун кызмат акысынын төлөнүп берилүүсү жөнүндө 04.02.2021-жылдагы жеке агроном Матраимов Абдурасулдун арызы боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунда жеке агрономдордун айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден сактоодо колдонуучу дарылардын орточо наркын аныктоо боюнча жыйындын 25-август 2020-жылдагы №1-протоколунун негизине таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкандардын өстүргөн өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана жогорку түшүм алуусу үчүн алдын ала химиялык уулуу заттарды илдеттерге, зыянкечтерге жана ото чөптөргө каршы чачууда жеке агрономдун кызмат акысы дыйкандар тарабынан төлөп берүү үчүн 1 га көп жылдык бак 1500 сом, 1 га шалы (күрүч) 1200 сом, 1 га кара эгин 500 сом, 1 га жашылча 500 сом акча каражаты өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |