Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 9
2008-жылы калктуу конушка которулган жер аянтынан мектеп курууга калтырылган жер тилкесине мектеп куруу боюнча муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXIII сессиясынын күн тартибиндеги 2008-жылы калктуу конушка которулган жер аянтынан мектеп курууга калтырылган жер тилкесине мектеп куруу боюнча муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган, Прогресс айылынын 2008-жылдагы башкы планда каралган, мектептин курулушу үчүн белгиленген 1,20 - га мектепке, 0,55 - га бала бакчага, долбоордо көрсөтүлгөн стадиондун аймагынан 0,71 га - чарбалык курулушка жалпысы болуп 2,46 га жер тилкесине мектеп куруу боюнча муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алууга 2,46 га жер тилкесин бөлүп берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |