Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 14

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 26-көчөсүнө Джээнбаев Игматилланын атын коюу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 26-көчөсүнө Джээнбаев Игматилланын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Джээнбаев Игматилланын аты көчөдөгү жашоочулардын макулдугу менен Прогресс айылынын 26-көчөсүнө аты коюлсун.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров